• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Бишкекте 30-31-августта унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилет

Коом 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинен маалымдашкандай, Бишкекте 31-августта Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

30-август күнү майрамдык даярдыктарга байланыштуу Чыңгыз Айтматов проспектисинде автоунаалардын кыймылына маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр коюлат.

Ал эми 31-августта Жибек-Жолу, Манас проспектилеринин, Жусуп Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө да унааларга чектөөлөр киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий