• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте 300дөн ашуун жарнама такталары алынды

Коом 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Бишкекте 300дөн ашуун жарнама такталары алынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тышкы жарнактарды жаңыртуу борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча олуттуу кадам болуп саналат.

Бишкек шаарынын мэриясы жарнамалык конструкцияларды өз ыктыяры менен алып жаткан ишкерлерге ыраазычылык билдирет.

"Сиздердин объектилериңиз башкармалык тарабынан демонтаждалгандан кийин, демонтажга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу зарыл. Андан кийин жеңил объектти "Тазалык" ишканасынын базасынан алууга болот. Жарнама түзүмдөрүн ыктыярдуу түрдө демонтаждооңуздарды суранабыз", - деп кайрылышты ишкерлерге мэриядан.

Мэриядан белгилешкендей, эскирген темир конструкцияларды заманбап LED экрандарга алмаштыруу Бишкек шаарына эстетикалык көрк берет.

Пикир

Оставить комментарий