Биринчи май жана Октябрь райондорунун жетекчилиги мектеп директорлору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май жана Октябрь райондорунун жетекчилигинин төрагалыгы астында жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору менен жолугушуулар өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында жылытуу мезгилинен өтүү, оңдоо иштери, мектептерди коргоо жана материалдык-техникалык жабдуу, курчап турган аймактарда санитардык тазалоону күчөтүү маселелери талкууланды.

Азыркы учурда күз, кыш айларына даярдык өз нугунда иштеп жана жылуулук берилип жатат, ошону менен бирге 31 объектиде санитардык түйүндөрдө, жылытуу системасында, чатырларда жана фасаддарда оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле жыйында мектептерде жакын арада күзөт кызматы иштей турганы, мындан тышкары, райондун жалпы билим берүү уюмдары үчүн интерактивдүү панелдерди сатып алууга сынак жарыяланары, жылуулук түтүктөрүндө мүчүлүштүктөр орун алса, ыкчам тартипте авариялык оңдоо иштери жүргүзүлөрү айтылды.

Пикир

Оставить комментарий