• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте 31-декабрга чейин жаңы жылдык айыл чарба жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 24.12.21./Кабар/. Бишкекте 31-декабрга чейин жаңы жылдык жарманке өтөт, - деп билдирет Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, жарманке Бишкек шаарынын борборунда 25-декабрдан 31-декабрга чейин уланат.

"Чүй областынын бардык районунан жана Бишкек шаарынан келген фермерлер сатып алуучуларга эт жана сүт азыктарын, бал, балык, жашылча-жемиштерин жаңы жылдык дасторконго сунуштайт. Тамак-аш продукциясын ортомчусуз өндүрүүчүлөрдүн баасы менен сатып алсаңыз болот", - деп айтылат маалыматта.

Жарманке Раззаков көчөсү менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт: кызматташуу үчүн номер: 0707 702 703.

Пикир

Оставить комментарий