• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Бишкекте 37 жаштагы жарандын өлүмү боюнча милиционерлерге кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Бишкекте 37 жаштагы жарандын каза болушу боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 9-августта саат 22:37де Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Жибек-Жолу проспектиси №390 дарегиндеги Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин жатаканасынын 3-кабатынан "белгисиз жаран өз өмүрүнө кол салууга аракет кылууда" деген билдирүү түшкөн.

Бул чакыруу боюнча Бишкек ШИИББдин кызматкерлери К.Б. жана Д.Т. аталган дареке барган учурда, болжол менен 30-35 жаштагы европалык көрүнүштөгү (кийин аныкталгандай И.С.) жаран аныкталып, ал жаран милиция кызматкерлеринен качууга аракет кылган.

Андан ары, ал жаран Бишкек шаарынын Манас жана Жибек-Жолу проспектилеринин кесилишинен жогорудагы милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ага карата физикалык күч колдонулган. И.С. жана ошол жердеги окуяга күбө болгон жарандардын И.С. дем ала албай жаткандыгы тууралуу айтууларына жана аны кое берүүсү боюнча суранычтарына көңүл бурбай, анын моюн-жаак тарабынан катуу басып жатып алгандын кесепетинен И.С. ошол жерден каза болгон.

Бул факт Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан тийиштүү тергөөгө чейинки текшерүү иштерин ыкчам уюштуруу жана жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен аныкталып, Бишкек ШИИББнын милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий