Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарында бүгүн, 17-июлдан тарта №4 автобустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөрдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, эми №4 автобустук каттам Ак Өргө конушунан Булгаары заводуна (Дордой) чейин каттайт.
Белгилей кетсек, өзгөртүүлөр транспорттук тейлөөнү жакшыртуу жана жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуу жана натыйжалуу кыймылын камсыздоо максатында киргизилген.
Пикир
Оставить комментарий