• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте 6-кичирайонундагы өрттүн кесепетинен каза болгон жарандын өздүгү аныкталды

Коом 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын 6-кичирайонундагы өрттүн кесепетинен каза болгон жарандын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каза болгон жаран 1995-жылкы Г.Т., аттуу жаран болуп чыкты.

Эскерте кетсек, 15-июнда Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыккан. Тилсиз жоо кафе, дарыкана жана дүкөндү каптаган.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси ("Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу") боюнча каттоого алынган.

Башкармалыктан кошумчалагандай, 15-июнь күнү "Шаурма на мангале" тез татым жайынын ижарачысы 31 жаштагы Э.Б., аттуу жаран тергөө кызматына жеткирилген. Ал жазык кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий