Бишкекте 6-майдан тарта ысык суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек. 29.04.19 /Кабар/. Бишкек шаарында 6-майдан тарта 6-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. Тийиштүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду.

Маалыматка ылайык, ысык суу түтүктөрүн оңдоо жана жылуулук берүү сезонуна даярдык көрүү максатында жасалууда.

Эске салсак, Бишкекте ысык суу жыл сайын өчүрүлөт. Былтыр суу 21-майдан 21-июнга чейин өчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий