Бишкек, 17.01.22./Кабар/. Бишкектеги №62 мектеп-гимназиясы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун нускамасына ылайык карантинге жабылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ата-энелердин бири кабарлады.
Анын айтымында, балдар арасында коронавирус жуктурган 3 учур аныкталган.
“Балдар болжол менен 31-январдан тарта мектепке бара баштары айтылды”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий