• 87.44
  • 89.38
  • 0.85

Бишкекте 7-Апрель көчөсүндөгү жарылган суу түтүгү калыбына келтирилди

Коом 0


Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында саат 15:30да 7-Апрель көчөсүндөгү суу түтүгү жарылып, ысык суу көчөнү каптаган.

Жеринде “Бишкекжылуулук” муниципалдык ишканасынын авариялык бригадасы жаралган көйгөйдү чечүү үчүн тиешелүү иштерди жүргүздү.

Учурда жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо иштери калыбына келтирилди.

Мэриядан белгилешкендей, бул тилкедеги суу түтүгү 1974-жылдан бери пайдаланып келгендиктен, колдонуу мөөнөтү аяктаган.

Эми 7-Апрель көчөсүнүн түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу маал-маалы менен жабылып турары айтылды. Мындан улам муниципалитет айдоочуларды жаралган ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүндү.

Пикир

Оставить комментарий