• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкекте 7 жаран диний-экстремисттик уюмга мүчө болуудан баш тартты

Укук тартиби 0


Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Диний-экстремисттик агымдарга каршы күрөшүүнүн алкагында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК диний-экстремисттик агымдардын идеологиясын жайылтууга каршы күрөшүүнүн алкагында Бишкек шаарындагы "Йакын инкар" ДЭУнун активдүү 7 мүчөсүнө түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүздү.

Иш-чаралардын жүрүшүндө аталган жарандар "Йакын Инкар" ДЭУнун идеологиясынын зыяндуулугун жана жаңылыштыгын толук моюнга алышты, ошондой эле өз ыктыяры менен аталган диний-экстремисттик агымга мүчө болуудан баш тартышты.

УКМК диний-экстремисттик уюмдардын жана агымдардын идеологиясын жайылткандыгы үчүн КР мыйзамдарында кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий