• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Бишкекте 7 жашар кызды унаа сүзүп кеткен – видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 08.10.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бишкекте 7 жашар кызды сүзүп кеткен айдоочу жоопкерчиликке тартылышы керек. Мындай пикирин айтып, "Кабар" агенттигине кыздын апасы, Бишкек шаарынын тургуну Элиза Каленова кайрылды.

Анын айтымында, кырсык 23-сентябрда кечки саат жетилер чамасында Гагарин-Элмирбек Иманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Кызымды сүзүп кеткен айдоочунун оозунан спирт ичимдиги аябай жыттанып турду. Тез жардамды күтүп, анан биз ооруканага кеттик. Ошондо дарыгерлер кызымдын оозу жарылганын айтышты, тигип беришти. Аны менен ооруканага жата алган жокмун. Анткени дагы бир кызым бар. Өзүм жалгыз бой энемин. Улуу кызымды жалгыз калтыра албай үйгө кеттик. Дарыгерлер айтышты телефонуңузду өчүрбөңүз милициядан чалышат деп, бирок эч ким чалган жок", - деди ал.

Элиза Каленова кырсыктан кийин эч ким ага кайрылбаган соң, 26-сентябрда милицияга арыз жазган. Ал жол кырсыгы иликтенип, айдоочу тиешелүү жазасын алышы керек деп ыйлам сырады.

"Айдоочу келип, дарыларын миң сомдой акчага алып берип, молдого дем салганга кызымды бир жолу алып бардык. Унаа коюп кеткенден бери кызым түнкүсүн коркуп, төшөккө да сийип жиберип жатат. Мен айдоочу жазасын алышын талап кылам. Экспертизадан өттүк. Жеңил жаракат деп жыйынтык чыгарды. Иш каралбай, сотко өтпөй калат го деп кабатырланып жатам. Кайрылбаган жерим калган жок", - деп кошумчалады кырсыкка кабылган кыздын апасы.

Ал ошондой эле видеодо көрүнүп тургандай, эки көчөнүн кесилишинде жол чырагы жок экендигин, мындай кырсыктар кайталанбашы үчүн жол чырак орнотуу зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий