Бишкекте №8 автобус каттамынын схемасы жарым-жартылай өзгөртүлөт

Коом 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Бишкекте эртең, 16-февралдан тарта №8 автобус каттамынын схемасы жарым-жартылай өзгөрөт.

Муниципалитететтен билдиришкендей, мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Белгиленгендей, №8 автобус Орок айылынан Алтын-Ордо конушуна чейин каттайт. Узундугу 49 чакырым, автобустардын аралыгы 10-12 мүнөт. Бул линияга 15 автобус чыгат.

Каттамды “ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКсы тейлегйт.

Пикир

Оставить комментарий