Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө 51 жаштагы эркек киши турак үйдүн 8-кабатынан секирип, аман калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Турак үйдүн 8-кабатынан секирген М.Н. аттуу жаран дүкөндүн чатырына кулап түшкөн.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркаган жаранды дүкөндүн чатырынан түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Пикир
Оставить комментарий