• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте 8 мектеп карантинге жабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Бишкекте коронавирустун жуктуруп алган учурлары катталгандыгы үчүн 8 мектеп карантинге жабылган. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 28 мектептин 49 классы онлайн окууга өткөн.

“Бүгүнкү күндө салттуу режимде окуп жаткан окуучулар арасында коронавирус жуктуруп алган 69 учур катталды. Ал эми илдетке каршы вакцинаны 349 мугалим алды”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, учурда Бишкекте 1ден 5ке чейинки класстар жана 9, 11-класстын окуучулары салттуу режимде окуп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий