• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте 9 мектептин окуучулары бомба тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланды

Коом 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Бишкекте эртең менен 9 мектептин окуучулары эвакуацияланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-апрелде саат 07:29 чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына №33 мектеп-гимназиясынын электрондук дарегине бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Жерине дароо Свердлов райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу, Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкери жана райондук администрациянын жетекчилиги барган.

Милиция тарабынан мектептин аймагы курчоого алынып, окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланган.

Мындан тышкары, ушундай эле билдирүүлөр №64, 52, 67, 62 32 мектептерге, Бишкек эл аралык мектеби, Оксфорд, Сейтек жеке мектеперине келип түшкөн. Тиешелүү кызматтар жеринде иш алып барууда.

Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

Пикир

Оставить комментарий