Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Бишкекте абанын сапаты боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму өтүп, анда стандартташтыруу жана абанын булганышына контролдук кылуу учун колдонулуучу датчиктерди техникалык жактан текшерүү жана калибрлөө маселеси талкууланды.
Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, отурум министр Медер Машиевдин жетекчилиги алдында өттү.
Абанын булганышын өлчөө үчүн орнотулган көптөгөн приборлор керектүү техникалык талаптарга жана стандарттарга жооп бербей тургандыгы аныкталды.
Комиссия аныктаган негизги көйгөйлөр:
1.Орнотуу эрежелеринин жоктугу. Учурда республикада мындай приборлорду иштетүү жана орнотуу эрежелери жок, бул алардын туура эмес көрсөткүчтөрүнө алып келет.
2.Техникалык карама-каршылыктар. Бир катар приборлор коопсуздукка шайкештик сертификаттары, ошондой эле метрология боюнча улуттук органдын текшерүү жана калибрлөө сертификаттары менен камсыздалган эместиги. Бул өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарды бузуу болуп саналат.
3.Жайгаштыруу каталары. Датчиктер көптөгөн сенсорлор методикалык стандарттарды бузуу менен орнотулган: булгануу булактарына өтө жакын же туура эмес бийиктикте орнотулуп, бул маалыматтардын тактыгына таасирин тийгизет.
4.Туура эмес маалымат берүү коркунучу. Калибрленбеген сенсорлорду колдонуу атмосфералык абанын абалынын так эмес сүрөттөлүшүнө алып келет, бул эффективдүү чечимдерди иштеп чыгууга тоскоолдук кылат.
Эскерте кетсек, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери Бишкек шаарында жайгашкан коммерциялык уюмдар жана жеке адамдар колдонгон аппараттарга мониторинг жүргүзүшкөн. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча приборлордун шайкештик сертификаттары, ошондой эле метрология боюнча улуттук органдын текшерүү жана калибрлөө сертификаттары жок экендиги аныкталган.
Мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөрдү сунуш кылышты:
1. Эл аралык IQAi веб-сайтында катталган сенсорлорду колдонгон бардык ээлер алардын техникалык талаптарга шайкештигин ырастоо үчүн Кыргызстандардда верификациядан жана калибрлөөдөн өтүшү керек.
2. Колдонулган сенсорлор так маалыматтарды алуу үчүн методикалык сунуштарга ылайык жайгаштырылышы керек.
3. Тиешелүү мамлекеттик органдарга датчиктердин эрежелерин жана методологиясын иштеп чыгуу жана милдеттүү түрдө сертификациялоо системасын киргизүү тапшырылды.
4.Стандарттарды, талаптарды жана ыкмаларды сактоо зарылдыгын баса белгилеген сенсор ээлеринин арасында маалыматтык иш-чараларды өткөрүү.
Жаратылыш ресурстары министрлиги бардык кызыкдар тараптарды аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү жана атмосфералык абанын абалы боюнча так маалыматтарды берүүнү камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө чакырат. Бул иш-чаралар экологиялык абалды жакшыртууга жана жарандардын саламаттыгын сактоого багытталган.
Ведомстволор аралык комиссия экологиялык уюмдарга жана жарандык активисттерге абанын булганышына каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет. Бирок, маалыматтардын тактыгы жана ишенимдүүлүгү натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат. Сенсорлорду стандартташтыруу жана сертификациялоо боюнча биргелешип иштөө мониторингди гана жакшыртпастан, коомчулуктун экологиялык демилгелерге болгон ишенимин жогорулатат.
Пикир
Оставить комментарий