Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде абанын сапатын жакшыртуу боюнча жыйын өттү.
Министрликтен билдиришкендей, аталган жыйын министрликтин атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн жетекчилигинде өткөрүлүп, ага экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору, регионалдык башкармалыктардын жетекчилери онлайн байланыш аркылуу катышты.
Отурумдун жүрүшүндө атмосфералык абаны коргоо боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланып, жетишилген натыйжалар жана кемчиликтер айтылды. Министрликтин атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн адистери тарабынан өлкө боюнча рейддик иш чараларды жүргүзүү, абанын сапатын жакшыртуу боюнча аракеттерди күчөтүү жана мониторинг жүргүзүү тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле, жума сайын кеминде бир жолу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыюу салынган заттарды өрттөөнү болтурбоо боюнча, калк арасында маалыматтык-агартуу, атмосфералык абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча жогорку окуу жайларда жана мектептерде комплекстүү иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүп туруу керектиги баса белгиленди.
Пикир
Оставить комментарий