• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте адашып кеткен бала ата-энесине кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери адашып кеткен баланы ата-энесине кайтарып беришти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, бүгүн 8-сентябрь күнү болжол менен саат 15:00дө шаар тургундары ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгына болжол менен үч жаштагы баланы алып келишкен: жарандар Лев Толстой көчөсүндөгү базардын аймагында кароосуз ойноп жүргөн баланы байкап, милицияга кабарлоону чечишкен.

"Бала ал өзүнүн атын гана атай алган. Милиция кызматкерлери баланын ата-энесин табуу боюнча зарыл болгон иштерди жүргүзүп, бир нече убакыттан кийин баланын энеси табылган. Белгилүү болгондой, баланын энеси дүкөндөрдүн биринде иштейт экен. Бир убакта ишке алаксып, баласы кайда кеткендигин байкабай калган. Азыркы учурда баланы ата-энеси алып кеткен", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий