• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте “Агротехэкспо-2022” агроөнөр жай көргөзмөсү жана айыл чарба жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. 20-22-октябрь аралыгында Бишкек шаарындагы эски аянтта “Агротехэкспо-2022” агроөнөр жай көргөзмөсү менен биргеликте Organic Expo 2021 органикалык көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров билдирди.

Анын айтымында, бул көргөзмө-жарманке КР Айыл чарба министрлигинин 95 жылдыгына жана айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулууда.

“Көргөзмөдө заманбап технологиянын үлгүлөрү, кайра иштетүүчү жабдуулар, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, асыл тукум мал жандыктар, органикалык продукциялар көрсөтүлүп, мастер-класстар жана сынактар уюштурулат” , - деди ал.

Алишеров белгилегендей, аталган иш-чаранын алкагында Organic Expo 2021 жарманке-көргөзмөсүндө органикалык айыл чарба азык-түлүгүнүн бардык түрлөрү сатылат.

Пикир

Оставить комментарий