• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бишкекте "АгроТехЭкспо-2024" агроөнөржай жана "Алтын күз" айыл чарба жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 18-20-октябрь аралыгында Бишкек шаарында республикалык "АгроТехЭкспо-2024" агроөнөржай көргөзмөсү жана "Алтын күз" айыл чарба азыктарынын жарманкесин өткөрүү пландалууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, "АгроТехЭкспо-2024" бул Кыргызстандагы дүйнөнүн алдыңкы айыл чарба техникаларын өндүргөн ишканалардын техникаларынын бардык түрүн жана алдыңкы технологияларын сунуш кылуучу көргөзмө болуп эсептелет.

Көргөзмөнүн негизги максаты – агрардык тармактын мүмкүнчүлүктөрүн инвесторлорго сунуштоо, айыл чарба техникаларын сатууда атаандаштыкты жаратуу, фермерлердин заманбап агроөнөржай технологиялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу.

Көргөзмө Кыргызстанда агрардык тематикадагы ири иш-чара катары айыл чарбасына, коомчулугуна дүйнөнүн алдыңкы айыл чарба техникаларын жана кайра иштетүү өнөржайы үчүн жабдууларды өндүргөн ишканалар үчүн өз продукцияларын сунуштоо үчүн чоң мүмкүнчүлүк болот. Иш-сара Бишкектин борборунда 15 миң чарчы метрден ашык аянтта өтөт. Көргөзмөдө дүйнөнүн алдыңкы заманбап айыл чарба техникалары жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жабдууларынын үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндүн түрлөрү, жер семирткичтер, ветеринардык дары-дармектер, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар, энергетикалык каражатар, асыл-тукум малдары жана башка айыл чарба товарлары көрсөтүлөт.

Көргөзмөнүн негизги экспонаттары болуп Джон Дир, Клаас, Лемкен, Нью-Холанд, МТЗ, Ростсельмаш, УТО, Фотон-Ловол, Зумлион, Гомсельмаш жана башка дүйнөдөгү алдыңкы айыл чарба техникаларын өндүрүүчүлөрүнүн техникалары сунушталат. Айыл чарба техникаларынын жана жабдууларынын 200 дөн ашык түрлөрү, анын ичинде тракторлор, комбайндар, жер иштетүү техникалар, себүүчү машиналар жана кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий