• 87
  • 90.63
  • 0.79

Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жыйыны өттү.

Парламенттен билдиришкендей, жыйынга депутаттар, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты

Иш-чарада аялдар, тынчтык жана коопсуздук жөнүндө 1325-резолюциянын алкагындагы иш-аракеттердин мониторингинин жыйынтыктары, мамлекеттик бюджетти түзүү жана аткаруу процесстерине гендердик мамилелерди киргизүүнүн механизмдери жана сунуштары каралды.

Ошондой эле жыйындын катышуучулары Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө Эл аралык эмгек уюмунун №190 конвенциясынын "Эмгек чөйрөсүндө зомбулукту жана куугунтуктоону жоюу жөнүндө" жоболорун колдонуу боюнча кабыл алынган мыйзамдык чараларды талкуулашты.

Белгилей кетсек, иш-чара "Аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукка каршы жигердүү иш-аракеттердин 16 күнү" компаниясынын алкагында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий