• 87
  • 90.63
  • 0.79

"Аяр" реабилитациялык борборунун 25 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Бишкекте "Аяр" майыптыгы бар жарандар үчүн реабилитациялык борбордун негизделгендигинин 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага борбордун бейтаптары, мэриянын социалдык өнүктүрүү департаментинин жетекчилиги, Социалдык кызматкерлер ассоциациясынын президенти, Росскызматташтыктын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеңешчилери, ошондой эле көптөгөн чакырылган коноктор катышты.

Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Бактыгүл Исмаилова борбордун мааракеси менен куттуктап, Бишкек мэриясынын атынан Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды. Мындан тышкары, департаменттин атынан эки камералуу муздаткыч белекке берилди.

Маалымдама: "Аяр" борбору Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен 1999-жылы ачылган. Борбордун кызмат алуучуларына күн сайын бир жолку ысык тамак, дары-дармектер, майда моториканы өнүктүрүү, өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү, тигүү, жыгач устачылык боюнча кызматтар, эмгек терапиясы көндүмдөрүнө окутуу жана логопедиялык кызматтар көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий