Бишкекте айдоочу "Тазалыктын" жумушчусун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 08.06.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 8-июндун таңында болжол менен саат 04:40 чамасында Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу жөө адамды - "Тазалыктын" кызматкерин сүзүп кеткен.

Кайгуул милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 1960-жылы туулган жаран Ж.Г. (аял киши) оор абалда ооруканага жеткирилген.

Унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен, мамлекеттик номери белгисиз ак түстөгү Daewoo Nexia унаасы шектелүүдө.

Аталган жол кырсыгы боюнча шаар ичине "Перехват" планы киргизилди.

"Урматтуу шаардык жашоочулары жана коноктору! Эгер сиз бул кырсыктын күбөсү болсоңуз 102 номери, же 031253-01-81, WhatsApp – 996509102122 номерлери аркылуу токтоосуз билдирүүнү суранабыз. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет", - деп айтылат Кайгуул милициясынын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий