• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкекте айдоочу унаасы менен “Ынтымак Ордонун” дарбазасын сүздү

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Бишкекте айдоочу унаасы менен “Ынтымак Ордонун” дарбазасын сүздү.

Ленин районунун ички иштер бөлүмүнөн маалымдашкандай, бүгүн саат 14:44төр чамасында 102 кызматына Lexus үлгүсүндөгү автоунаа “Ынтымак Ордо” имаратын атайылап сүзгөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Бул факт Ленин РИИБине катталып, жерине ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Окуя болгон даректе айдоочунун өздүгү аныкталды. 65 жаштагы А.С. аттуу жаран ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий