Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кетти. Шектүү изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.05.18 /Кабар/. Бишкек – Күн-Туу унаа жолунда белгисиз айдоочу жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Милиция кылмышка шектүү адамды издөөдө жарандардан жардам сурайт.

Маалыматка ылайык, 21 майда болжол менен саат 03:00дөр чамасында белгисиз айдоочу тактала элек автоунаа менен Бишкек – Күн-Туу унаажолунун 4-чакырымында жөө жүргүнчүнү коюп кеткен. Натыйжада Кашка-Баш айылынын 1977-жылкы А.М., аттуу тургуну алган жаракаттан улам каза болгон.

Чүй облусу боюнча жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы (ЖКККББ) аталган жол кырсыгына күбө болгон жарандарга кайрылып, окуянын чоо-жайын тактоодө көмөк көрсөтүүлөрү үчүн төмөнкү телефондорго кайрылып, маалымат берип коюуну өтүнөт:

0700 20 40 03

0707 87 71 63

Купуялуулукка кепилдик берилет.

Пикир

Оставить комментарий