Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. Бишкектеги № 13 мектепте "Айкөл Манас баяны" кароо-сынагы өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара Билим берүү департаменти тарабынан уюштурулуп, ага № 32, 59, 78, 66 жана 80 мектептеринин окуучулары катышты.
Сынактын шаардык этабынын жыйынтыгы боюнча биринчи орунду №80 мектептин окуучулары, экинчи орунду №78 мектептин окуучулары, үчүнчү орунду №59 мектептин жана №66 мектептин окуучулары ээлешти.
Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар таланттуу балдарды шыктандырып, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн идеологиясын бекемдейт.
Пикир
Оставить комментарий