• 87
  • 89.68
  • 0.84

Бишкекте аймактарга каттаган таксилерге карата рейд өттү

Коом 0

Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы ИИМдин Кайгуул кызматы менен биргеликте аймактарга каттаган такси кызматтарынын карата «Унаа токтотуучу жай» рейдин өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Батыш автобекети Аккула ат майданынын жанындагы жерге убактылуу көчүрүлгөн. Убактылуу батыш автобекетинин аймагында унаалардын техникалык абалын текшерүүчү нарколог жана адистер бар.

"Ошол эле учурда аймактарга каттаган таксилер жүргүнчүлөрдү шаар ичинен алып кетишүүдө. Демек, аларга карата унааны техникалык кароодон өткөрүү жана айдоочуларды текшерүү жүргүзүлбөйт. Бул жүргүнчүлөр үчүн кооптуу. Андыктан аймакка каттаган жүргүнчүлөрдү автобекеттерден таксиге отурууларын сунуштайбыз",-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле эски Батыш автобекетинин жанындагы жана Ош базарынын жанындагы Кулиева, Пушкин, Бобулова, Ростовская, Рыскулов жана башка көчөлөрдөгү пункттар текшерилгени белгиленди.

Муну менен катар, рейддин жүрүшүндө «Жол-транспорт инфраструктурасы» муниципалдык ишканасы менен Кайгуул кызмат башкармалыгы менен биргеликте 39 унаа эвакуацияланды.

Эске салсак, жаңы Батыш автобекетинин курулушун аяктоо 2025-жылдын май айынын аягына пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий