• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Бишкекте аймактык кызматташтык аркылуу "Аялдар, тынчтык жана коопсуздук" боюнча эл аралык семинар өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек арачы жана укук коргоо органдарынын айымдарынын ассоциациясынын алкагында “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” аттуу эл аралык семинар өтүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага тарых илимдеринин доктору Каана Айдаркул, милициянын отставкадагы полковниги Шамшибек Мамыров, Жогорку Кеңештин вице-спикери жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аялдар диалогунун төрайымы Жамиля Исаева, ЕККУнун чек ара коопсуздугу жана чек ара режими маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Сив-Катрине Лаиртро жана тиешелүү өкүлдөр катышышты.

Семинар аймактарда тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролун талкуулоого жана бекемдөөгө багытталып, укук коргоо органдарындагы аялдар бирикмелеринин ролу, гендердик теңчиликти илгерилетүү жана Борбордук Азиядагы чек ара жана укук коргоо органдарына гендердик мамилени интеграциялоо маселелери
талкууланды.


Ошондой эле, семинардын жүрүшүндө аялдардын укуктарын коргоого жана алардын бул процесстерге активдүү катышуусуна багытталган мыйзамдык демилгелерди киргизүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Семинардын соңунда катышуучулар коопсуздукту чыңдоого жардам бере турган багыттарда аялдардын ролун күчөтүү боюнча иштерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий