• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте айрым стационарлар кайрылгандардын саны азайгандыктан ишин токтотууда

Коом 0

Бишкек, 02.08.20. /Кабар/. Бишкекте айрым стационарлар кайрылган жарандар өтө аз же такыр жок болгондугуна байланыштуу ишин токтотууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, кечээ күнү күңдүзгү стационарларга 1 миң 176 адам, ал эми 1-августтан 2-августка караган түнү түнкү стационарларга 192 киши кайрылган.

"Чыгымдарды оптимизациялоо жана күз-кыш мезгилине адам ресурстарын сактоо үчүн кайрылуулар аз болгон айрым стационарлар ишин токтотууда. Октябрь районундагы "Салтанат" ресторанда ачылган түнкү стационар жана "Сейтек" мектебинде ачылган күндүзгү стационар ишин токтотту. "Жал" кичирайонундагы №95 мектептеги стационар эртең жабылат. Калган стационарлар кадимки тартипте иштеп жатат. Кайрылуулардын санына байкоо жүргүзүлөт", - деп билдирет мэрия.

Пикир

Оставить комментарий