• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Бишкекте Айыл чарба кызматкерлеринин күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз драм театрында Айыл чарба кызматкерлеринин күнүн утурлай салтанаттуу иш-чара өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага айыл чарба тармагында эмгеги сиңген бир катар ардактуу өкүлдөр, элчиликтин өкүлдөрү, агроөнөр жай комплексинин жетекчилери, дыйкан-фермерлер, ишкерлер жана министрликке тиешелүү ведомстволуктун жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын алкагында айыл чарба тармагында эмгеги сиңген министрликтин бир катар кызматкерлери жана дыйкан-фермерлер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ардак грамотасы жана төш белгилери менен сыйланышты.

Ошондой эле агроөнөр жай тармагын көтөрүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошуп келишкен, кайра иштетүү өнөр жайынын ишкерлерине бир катар номинациялар ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий