Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Бишкекте акча алмаштыруучу жайлардын бирине айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Пикир
Оставить комментарий