• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Бишкекте акциздик маркалары жок алкоголдук жана тамеки продукциясы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Берекет-Универсал" соода борборунун аймагында рейддик салык контролунун жүрүшүндө тамеки жана алкоголдук продукцияларды акциздик маркалары жок сатуу фактысын аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, мыйзамсыз жүгүртүүдөн бардыгы болуп 468 даана алкоголдук продукция жана 1870 куту тамеки тартып алынды.

Ишкерлерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Эскерте кетсек, акциздик маркалары жок 1000 даанага чейин тамеки саткандарга 65 миң сом айып, ал эми 1000 даанадан ашык тамеки саткандар үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Салык кызматы ишкерлерге тамеки буюмдарын акциздик маркасыз сатпоого жана алардын аныктыгын жана шайкештигин кылдат текшерип турууга чакырат.

Белгилей кетсек, Салык кызматы республиканын аймагында акциздик товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн кыскартуу боюнча активдүү иштерди улантат.

Пикир

Оставить комментарий