• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Бишкекте актриса жана режиссёр Клара Юсупжановага арналган көргөзмө өтөт

Маданият 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 1-5-декабрь аралыгында көрүнүктүү актриса жана режиссёр Клара Юсупжановага арналган "Жолборс жайлоодогу эки уйду өлтүрдү" аттуу көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдө актрисанын тасмалары, сейрек кездешүүчү фотосүрөттөр жана анын чыгармачылык жолун баяндаган материалдар көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, көрүүчүлөр Клара Юсупжанованын эстетикалык жана режиссёрдук талантынан шыктанган заманбап сүрөтчүлөрдүн эмгектерин көрө алышат. Көрсөтүлгөн авторлордун арасында Белек Кошоев, Кубанычбек Ибраимов, Бахрамжон Темиров жана Молдоке Асейин уулу бар, алардын чыгармалары анын көркөм идеяларын чагылдырышат.

Маалымат үчүн: Клара Юсупжанова 1940-жылы төрөлүп, бүт өмүрүн киного арнаган. Ташкенттеги театр-көркөм институтунда билим алып, андан соң “Кыргызфильм” киностудиясында иштеп, даректүү тасмаларды тартып, көркөм тасмаларда роль жараткан. Анын катышуусу менен тартылган тасмалар жана жараткан чыгармалары кыргыз киносунун алтын фондуна кирген. Актрисанын талантынын жана өз ишине болгон сүйүүсүнүн аркасында, чыгармалары кыргыз искусствосунун маанилүү бөлүгү бойдон калууда.

Киноактриса Клара Юсупжанованын тандалган фильмографиясы:

  • 1963 - "Жылуулук", Калипанын ролу;
  • 1965 - "Биринчи мугалим", Бирманын ролу;
  • 1966-жыл - "Эң тил алчаак", Гуляимдин ролу;
  • 1972 - "Түн хроникасы", Туанг-Хонгдун ролу;
  • 1974 - "Белек", башкы каармандын жубайы Ботойдун ролу.

Клара Юсупжанова кыргыз киносунун тарыхында олуттуу из калтырып, терең эмоционалдуулук менен эстетикалык экспрессивдүүлүктү айкалыштырган оригиналдуу поэтикалык документалдык кино тартуунун өзгөчө стилин жараткан. Анын чыгармалары кыргыз элинин маданиятына, турмушуна байланышкан орчундуу темаларды козгогондуктан, көркөмдүк баалуулугу менен гана эмес, социалдык мааниси менен да айырмаланат.

Пикир

Оставить комментарий