Кийиз, чоподон буюмдарды жасоо. Бишкекте балдар үчүн акысыз мастер-класстар өтөт

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарында балдар чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулган улуттук прикладдык искусствонун ар кандай түрлөрү боюнча акысыз мастер-класстар өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мастер-класстар Чүй, 32б дареги боюнча кичи Арбатта ар бейшемби күнү саат 16:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү график боюнча өткөрүлөт:

- 20-июнь – "Кийиз жасоо";
- 27-июнь – " Көркөм айкел" (чоподон жасалган сувенирдик буюмдар);
- 4-июль – "Ѳнөр KG" (кийизден кол өнөрчүлүк жасоо);
- 11 - июль - "Чий чырмакчылык".

Бишкек шаарынын мэриясы жаш бишкектиктерди акысыз мастер-класстарга катышууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий