Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Бишкекте Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо иштеринин кезектеги этабы аяктады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, тазалоо иштеринин натыйжасында 4 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылды.
Белгилей кетсек, Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын нугун тазалоо иштери калктын коопсуздугун камсыздоо жана кыш мезгилинде муз тыгындарын алдын алуу максатында жай айларында башталган.
Пикир
Оставить комментарий