• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте Алтай элдери эл аралык симпозиуму өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.08.19. /Кабар/. Бүгүн, Бишкекте Алтай элдери эл аралык симпозиуму өтүүдө. Бул иш-чарага катышуу үчүн бир нече өлкөнүн көрүнүктүү ишмерлери келишкен.

Тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Молдокасымовдун айтымында, "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан жыйынга Түркия, Япония, Россия, Казакстан жана Түштүк Корея баштаган 15 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

"Бүгүнкү иш-чара тарыхы бир элдерди чогултууда. Симпозиум беш күнгө созулат. Эртең иш-чара Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында уланат", - деди ал.

Ал билдиргендей, жыйындын негизги темасы "Мал чарбачылыгы" болот.

Түркиядан келген конок Илхан Шахин, симпозиум алгачкы жолу 2017-жылы Түркияда өткөнүн белгиледи. Иш-чара эки жылда бир өткөрүлүп турат. Бул жылы жыйынга 200дөн ашык адам катышууда.

"Мен тарыхчымын. Кыргызстанда 10 жыл иштегем. Өлкөнүн алыскы жерлеринде, боз үйдө жашагам. Андан кийин көчмөндөр тууралуу китеп жазып, ал Японияда басылып чыкты", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий