• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте алты айдын ичинде жол эрежесин бузуу боюнча 153 миңге жакын факты катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматында 2021-жылдын 6 айын жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, кеңешмеге Бишкек ШИИББнын орун басары Тилек Тюкебаев, МККБнын башчысы Алмазбек Исаков, орун басары Мирлан Боенов, башкармалыктын полкунун орун басарлары, рота саркерлери жана бөлүм башчылары катышты.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан 6 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 152 миң 786 бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулуп, өткөн жылдын 6 айына салыштырмалуу 75 миң 240 протоколго көп түзүлгөн.

Алардын ичинен :

- автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо - 1 766 ;

- мас абалында авто унаа башкаруу - 1 543;

- авто ээнбаштык - 33;

- автоунааны алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо - 328 ;

- автоунааны жасалма же жалган мамлекеттик каттоонун номердик белгилери менен башкаруу - 75;

- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 149 041;

- ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 11 587 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

"Бул түзүлгөн протоколдор үчүн жалпысынан 214 млн 440 миң 500 сом айыппул салынып, бүгүнкү күндө 48 млн 755 миң 352 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн. Ошондой эле 6 ай ичинде кайгуул кызматы тарабынан "102" линиясы боюнча 38 миң 424 чакыруулар ыкчам жана сапаттуу тейлеген", - деп айтылат маалыматта.

Ыкчам кеңешмеде мындан башка да ачылган кылмыштар, жол кырсыгынын алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маселелер каралып, жетекчилик тарабынан тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмалар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий