• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте Апас Жумагуловдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Президенттин администрациясында мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйын өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Баатырлары, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин экс-төрагалары, КР экс-премьер-министрлери, өкмөт өкүлдөрү, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана башка коноктор катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, Жогорку Кеңештин азыркы имараты 1984-жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун 60 жылдыгына карата пайдаланууга берилген. Ошондон бери, туура 40 жылдан кийин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесине карата бул “Ынтымак Ордо” жаңы имараты курулуп, иштеп жатат.

“40 жыл мурда борбор шаарыбызды көрккө келтирген имараттар курулду – Ак сарай, Тарых музейи, Агропром, Нарын рестораны, Ош базары жана башкалар. Ушул имараттар мрамор менен граниттен жасалып, далайларды суктандырды. “Мой белый город ты цветок из камня” деген ыр саптары так биздин борбор шаарга арналгандай сезилет. Турдакун Усубалиевичти ушул үчүн борбор шаарыбыздын прорабы деп аташат. Ушул иште Сиздин да салымыңыз зор болду. Элибизде “элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” деп айтылат. Буга кошумча жогоруда айтылгандарды эске алуу менен 40 жылда доор жаңы деп айтсак болчудай. Апас Жумагулович, Сизди эки доордо – социализм мезгилинде жана базар экономикасы учурунда Өкмөттү башкарган жетекчи катары баалайбыз. Ошону менен бирге жердин үстүндөгү бардык объекттерди билген, алардын далайын өз колу менен курган жетекчи деп билебиз. Геологиялык-минералдык илимдердин доктору илимий наамына ээ болуп, жер астындагы кендерди да билип, аларды ишке киргизүүгө аракетиңиз арбын болду.

Сиздин жасаган ишиңиз, жүрүм турумуңуз, ишке болгон кылдат мамилеңиз замандаштардын суктануусун жана таң калуусун пайда кылып, эл оозунда болуп, легендага айланган”- деди ал.

Акылбек Жапаров андан ары мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов премьер-министрлик кызматка республика эгемендүүлүк алган мезгилде, өлкө үчүн өтө оор мезгилде элдин турмушу оорлоп, өлкөнүн экономикалык байланыштары бузулуп, көптөгөн ишканалар иштебей калганда келгенин айтып сөзүн улады.

«Ушундай кыйын мезгилде сиз элди шыктандырып, өлкөнү экономикалык жана саясий кризистен алып чыккан лидер болдуңуз. Элдин абалын көрүп, жарандарга колдоо көрсөтүү үчүн аймактарды кыдырып келдиңиз. Премьер-министр өзү келип элдин абалын көргөндөн кийин бул сапарлар эл менен бийликтин диалогуна айланып кетти. Эл менен мындай диалог болбосо, социалдык чыңалуу кыйла күчөп, балким үч эмес, беш революция болмок. Эл менен жолугушуулар коомдук стабилдүүлүккө салым кошту. Сиздин эмгекчилдигиңиз дагы өзүнчө легенда. Сиз менен иштегендер төмөндөгүдөй фактыны айтышат. Күнүгө орто эсеп менен 50 документке резолюцияны өзү жазган, 30-40 даяр резолюцияны текшерип редакциялаган, Өкмөттүн 2-3 токтомуна, Премьер-министрдин дагы 2-3 тескемесине кол койгон деп эсептешкен экен», - деди ал.

Минкаб башчысы Улуу Британиянын премьер-министри Уинстон Черчиллдин “Тарых мага жагымдуу болот, анткени мен аны жазууну көздөп жатам” деген цитатасын келтирип, Апас Жумагулов тарыхты өз колу менен жаратканын кошумчалады.

Салтанатта коомдук ишмерлер Жумагул Сааданбеков, Осмонакун Ибраимов, Алманбет Матубраимов, Жаңыл Түмөнбаева, Темир Сариев, ошондой эле Россиянын Кыргызстандын элчиси Сергей Вакунов сөз сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий