• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте ар тармактын жаштары кичи футбол боюнча күчүн сынайт

Спорт 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Бишкекте алгачкы жолу 25 жаштан 35 жашка чейинки мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү, өнөр адамдары, дарыгерлер, мугалимдер, ишкерлер, журналисттер жана башка ар тармактуу жаштардын башын бириктирген "Келечек" аталышындагы кичи футбол боюнча мелдеш өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, турнир Бишкекте 5-мартта "Газпром балдарга" дене тарбия - ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.

"Жалпы сегиз команданын катышуусу пландалып жатат. Алар: мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер, блогерлер, ырчылар, эл өкүлдөрү, дарыгерлер, журналисттер жана мугалимдер командалары", - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган турнирдин жалпы байге фонду 110 миң сомду түзсө, мындан тышкары "мыкты оюнчу", "мыкты бомбардир", "мыкты дарбазачы", "мыкты коргоочу" жана "мыкты күйөрман" номинациялары да каралган.

Пикир

Оставить комментарий