• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте “Аракет” жаштар форуму өттү

Коом 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Бишкекте 28-апрелде республикалык “Аракет” жаш лидерлер жана ишкерлер форуму өттү.

Иш-чара Республикалык жаштар конгресси тарабынан уюштурулуп, ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, өлкөдөгү көрүнүктүү ишкерлер, бизнес тармагындагы эксперттер жана жигердүү жаштар катышты.

Жаштарды ишкер болууга шыктандырган форумдун алкагында өзүнүн бизнесин түптөп, дүйнөлүк рынокко чыккан ишкерлер өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.

Жаштар конгрессинин төрагасы Жакшылык Бекназаров аталган форум келечек муунду өз өлкөсүнөн кетпей эле, Кыргызстанда деле ишкерлик кылып, ийгилик жаратууга болорун көрсөткөнүн айтат.

"Канчалаган жерлерибиз, кооз аймактарыбыз, көп тармактар иштелбей бош жатат, ошолорду иштетип өз өлкөбүздө ийгилик жаратсак болот. Болгону ал үчүн аркет гана кылышыбыз керек”, - деди Жакшылык Бекназаров.

Атай кетсек, форумдун алкагында ата мекендик саркеч кийимдер жана суусундуктар көргөзмөгө коюлуп, иш-чара маданий бөлүк менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий