• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Бишкекте Асан Жакшылыковдун 75 жылдыгына арналган кече өтөт

Коом 0

Бишкек, 15.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада Эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун 75 жаш кутман курак мааракесине карата тандалма чыгармалар жыйнагынын 21 томдук “Асыл ой, Ак сөз, Адал иш” аттуу китебинин жана сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы өтөт.

Иш чарага, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүмбек Касмамбетов, Маданият маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, адабият жана маданият өкүлдөрү катышат.

Сүрөт көргөзмөсүндө Эл жазуучусунун бала чагы, жаш кези, чыгармачылыктагы орунттуу окуяларды камтыган сүрөттөрү, сыйлыктары жана китептери, ММКга чыккан макалалары коюлат.

Маалымат үчүн: Кыргыз Эл жазуучусу, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмериАсан Жакшылыков 1949-жылы Нарын районунда төрөлгөн. Жазуучунун алгачкы ырлары 1963-жылы республикалык басма сөз каражаттарына жарыялана баштаган. 1969-жылы “Таңдын ырахаты” аттуу тунгуч ыр жыйнагы “Кыргызстан” басмасынан жарык көргөн. Эмгек жолун 1977-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болуп баштап, 2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, 1979-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын, 2008-жылы Аалы Токомбаев атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.
1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери, 1992-жылдан Маданият жана искусство академиясынын, Акындардын дүйнөлүк конгрессинин мүчөсү. 1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги.

Пикир

Оставить комментарий