• 85.8
  • 92.83
  • 0.88

Бишкекте Аскердик авиация күнү жана Баткен окуяларынын аяктагандыгынын 25 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы "Сейтек" улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда аскердик авиация күнүн жана Баткен окуяларынын аяктагандыгынын 25 жылдыгын белилешти.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарада мыкты авиаторлор сыйланып, грамоталар тапшырылды.

Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн колбашчысынын орун басары Айбек Буржуев өзүнүн куттуктоосунда өлкөнүн 90 пайыздан ашыгын тоолор ээлеген КР Куралдуу күчтөрүндө алардын кызмат өтөөсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

ОШондой эле 23565 аскер бөлүгүнүн командири Данияр Давитахунов өздүк курамды куттуктап, жаш учкучтарга ийгиликтерди каалады.

Иш-чара Куралдуу күчтөрдүн Борбордук армия үйүнүн жана Сейтек борборунун чыгармачыл жамааттарынын концерттик программасы менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий