• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте аскердик кармаш урушу боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Спорт 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 26-февральда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда аскердик кармаш урушу боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашкандай, мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улан Шаяхматов, аскердик кармаш урушу боюнча федерациясынын өкүлдөрү жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашууда:

Эркектер арасында: 57, 60, 65, 70, 75, 80, 85, 90, 95, +95 кг;

Кыз-келиндер арасында: 55, 60, 65, 70, +70 кг;

+35 жаш (эркектер арасында): 77, +77 кг;

Комплекстүү мушташ (эркектер арасында): 86, +86 кг.

Белгилей кетсек, аскердик кармаш урушу боюнча республикалык чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий