• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Бишкекте "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясынын кеңсеси ачылды

Коом 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. "Асман Эйрлайнс" мамлекеттик авиакомпаниясынын кеңсесинин расмий ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул өлкөнүн жарандык авиациясын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат жана ал өлкө ичинде да, чет өлкөдө да жеткиликтүү жана коопсуз аба каттамдарын камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

"Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы Кыргызстандын негизги шаарларына каттамдарды сунуштоо менен өзүнүн маршруттук тармагын активдүү өнүктүрүүдө.

Авиакомпания жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана заманбап коопсуздук стандарттарын ишке ашырууга басым жасайт.

"Асман Эйрлайнс" паркында Dash 8 Q400 заманбап учактары колдонулат, бул жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Жаңы кеңсенин ачылышы кардарлар жана өнөктөш уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу үчүн аянтча болот.

Иш-чарага өкмөттүн, авиация тармагынын өкүлдөрү жана башка ардактуу коноктор катышып, бул окуя өлкөнүн авиация тармагын өнүктүрүү үчүн мааниси чоң экендигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий