Бишкекте Ататүрк сейил багынын айланасындагы маселе боюнча кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Бишкек мэриясында калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында координациялык кеңешме өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кеңешмеге прокуратуранын, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын, УКМКнын аймактык башкармалыктарынын жана ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын, ошондой эле шаардык кызматтардын жетекчилери катышып, укук бузуулардын алдын алуу талкууланды.

Тактап айтканда, кеңешмеде Бишкек шаарынын мэриясынын «Мустафа Кемал Ататүрк атындагы парктын чек араларын бекитүү жөнүндө» токтомун ишке ашырууга багытталган мындан аркы иш-аракеттери жөнүндө маселе боюнча маалымат угулду.

2024-жылдын 20-майына карата мэриянын жогоруда аталган токтомун аткаруу максатында, муниципалитеттин юридикалык кызматтары тарабынан сот органдарына 19 доо арыз даярдалып, берилген. Бардыгы болуп 94төн ашык доо арыздарды сотко жөнөтүү пландалууда (долбоор даярдалган сайын бул көрсөткүч көбөйүшү мүмкүн). Айбек Жунушалиев мэриянын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине шаардын тургундарына сейил бактын аймагында жайгашкан жеке турак үйлөргө биринчи кезекте соттук мүнөздөгү чаралар көрүлөрү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Бүгүндөн тарта бекитилген иш планга ылайык, Мамлекеттик курулуш шаардык кызматтар менен биргеликте курулуш стадиясында турган жана курулушка уруксаты жок бир катар объектилерди демонтаждоо иштерин башташы керек эле. Ошондой эле алардын жер тилкелеринин чегинен чыгып кеткен бир катар имараттардын айланасындагы тосмолорду жана дубалдарды алуу пландаштырылган.

Жыйындын жыйынтыгында борбор калаанын мэриясынын түзүмдөрүнө доо арыздарды даярдоо, башка зарыл уюштуруу-укуктук иштерди жүргүзүү, ошондой эле калк арасында маалымат иштерин күчөтүү боюнча ишти тездетүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий