• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте автобустарды ар бир кезектен кийин санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Бишкекте автобустарды ар бир кезектен кийин санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

“Катуу көзөмөлгө айдоочулар гана эмес, автобустар дагы алынган. Санитардык тазалоо күн сайын атайын бөлмөдө жүргүзүлөт. Автобус сыртынан жуулуп, ичинде дезинфектор тазалоо иштерин жүргүзүп, ичи хлор камтылган тазалоочу каражаттар менен жакшылап сүртүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, коомдук транспорттун айдоочулары кезекке кирер алдында жана нөөмөт аяктагандан кийин эки жолу медициналык кароодон өтүшөт.

Мэриядан белгилешкендей, зарыл болгон учурда, айдоочудан беткап сатып алса болот. Ар бир автобуста беткап салынган кутулар бар. Ар бир салон антисептиктер – дезинфекциялоочу каражаттар менен жабдылган.

Азыркы убакта борбор калаада күнүнө 90го чейин автобус каттоодо.

Бишкек мэриясы жарандардан коомдук транспортто жүрүүдө санитардык эрежелерди сактоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий