• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте автоээнбаштык жасаган айдоочуга айып салынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Бишкекте автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда түн ичинде коомдун тынчын бузуп, атайын автоээнбаштык жасаган жарандар боюнча видео тасма тараган.

Бул факты боюнча ЖКККББнын Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам түрдө "Toyota ground" үлгүсүндөгү авто унаанын 2005-жылы туулган Б.А. аттуу айдоочусун таап, мыйзамга ылайык 15 миң сом айып салышты. Ал эми унаасы айып короо жайына токтотулду.

ЖКККББ бир жылдын ичинде эки жолу автоээнбаштык жасаган айдоочулар алты айлык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылаарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий