Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында Кыргызстандын автомобиль транспорту жана жол кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, анда транспорт тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата куттуктоолор айтылды.
Үзүрлүү эмгеги жана кесипкөйлүгү үчүн бир катар муниципалдык ишканалардын адистери Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамотасы, ыраазычылык каты жана кол сааты менен сыйланды.
Пикир
Оставить комментарий