Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде азербайжан акыны Салман Мумтаздын 140 жылдыгына карата “Түрк дүйнөсүнүн уулу Салман Мумтаз” аттуу китептин бет ачары болуп өттү.
Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунан билдиришкендей, китептин автору – Улуттук илимдер академиясынын улук илимий кызматкери, доцент Шалала Ана Гумбатли.
Иш-чарага аталган борбордун директору Кайрат Осмоналиев, Бишкектеги азербайжан диаспорасынын жетекчиси Хансывар Бахшалиев, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов, мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматов, түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова, түркология жана котормо таануу кафедрасынын ага окутуучусу Фаризат Курамаева жана студенттер катышты.
Китеп түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун буйругу менен Бишкекте жарык көрдү.
Маалымат үчүн: Салман Мумтаз 1884-жылы 20-майда туулган. Ал– акын, жазуучу, адабият таануучу, текст сынчы, орто кылымдагы кол жазмаларды жыйноочу, Азербайжан Жазуучулар союзунун мүчөсү, СССР Илимдер академиясынын Азербайжан филиалынын илимий кызматкери, Азербайжан Мамлекеттик илим-изилдөө институтунун Азербайжан адабияты бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Пикир
Оставить комментарий